Зеленськийдин жубайы күйөөсү ага көңүл бурбай калганын айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин жубайы Елена Зеленськая күйөөсү көптөн бери өзгөргөнүн айтып, ага нааразы болду.

BBC басылмасына берген маегинде Елена күйөөсү жанында болбогондуктан алар экиге бөлүнүп калышкан.

"Балким, бул бир аз өзүмчүлдүктүр, бирок мага тарыхый инсан эмес, менин жанымда күйөө керек. Бизде бири-бирибизди көрүүгө мүмкүнчүлүк бар, бирок биз каалагандай эмес", - деген Зеленськая.

Елена 2023-жылдын жай айынын башында коопсуздук максатында күйөөсү менен жашабай турганын айткан. Зеленський өз кезегинде үй-бүлөсүнө көп убакыт бөлө албай калганын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан