Бишкекте кармалган орусиялык активисттин камактагы мөөнөтү узартылды

Орусиялык активист К.А.Г. 4-октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 4-сентябрындагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүч каты канааттандырылып, экстрадициялоо боюнча камакка алынган К.А.Г. 4-октябрга чейин камакта калтырылды. Ал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде болот", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 4-июнда Бишкекте орусиялык активист К.А.Г. кармалган. Ага Орусияда экстремисттик коомчулуктун ишмердүүлүгүнө катыштыгы бар деп кылмыш иши козголгон.

Орусияда "Солчул каршылык" деп айтылып калган иш 2021-жылы козголгон. Кыймылдын лидери Дарья Полюдова 2022-жылы экстремисттик коомчулукту түзүү беренеси боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.А.Г. жана дагы 4 активисттин аталган уюмга мүчө экени аныкталган. Былтыр ноябрь айында К.А.Г. террорчулардын жана экстремисттердин реестрине киргизилип, ага издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан