Бишкекте кармалган орусиялык активист Алена Крылова СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 6-июндагы чечими менен тергөөчүнүн убактылуу камакка алуу өтүнүчү канааттандырылып, А.К. 4-июлга чейин убактылуу кармоочу жайга камалды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Алена Крылова кармалганы белгилүү болгон. Ал 4-июнь күнү Бишкектин борборунда сейилдеп жүргөн жеринен кармалган. Орусияда ага каршы экстремисттик коомчулуктун ишмердүүлүгүнө катышкан деп кылмыш иши козголгон.