Быйыл кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Байгазиевдин айтымында, быйыл эч кандай өчүрүүлөр болбойт. Бирок суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат.
"Быйыл суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бирок ар бир керектөөчү өзүнө тиешелүү электр энергиясын ала алат. Азыр ар бир үйгө болжол менен 5 киловатт деп санап жатабыз. Ар бир үй-бүлөдө электр жарыгы болот, электрдик жабдууларга энергия жетет. Болгону электр жылуулугуна күчүбүз жетпей калышы мүмкүн", - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле газ түйүнү бар аймактар жылуулукту газ аркылуу камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар. Байгазиев ар бир айыл көмүр менен да камсыздала турганын, учурда кампада 283 миң тонна көмүр бар экенин билдирди.
Ал эми Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн Байгазиев Кара-Кечеден көмүр алуу токтотулуп, сапаттуу, түтүнү аз чыккан көмүр менен камсыз кылууга аракет кылып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, быйыл 1-августтан 2026-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Көп өтпөй бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып, кышында электр жарыгы өчүшү мүмкүнбү деген теманы козгогон.
Бул боюнча Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, анда эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлбөгөнүн билдирген. Өлкө башчынын айтымында, энергияны жылда импорттоо менен Кыргызстан мурдатан бери өзгөчө кырдаалда келе жатат.
Кыргызстанда энергетиканын өзөгүн советтер союзу маалында курулган гидроэнергетика тармагы түзөт. Анын кубаттуулугу орточо 3,6 гигаватт болуп саналат. Өлкөдөгү ири Токтогул (1,2 гигаватт), Күрпсай (800 егаватт) жана Таш-Көмүр (450 мегаватт) ГЭСтери бар. Алардын жабдыктары эскирип бүткөнү да айтылууда.
Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев өзгөчө режим киргизилерден мурун жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде кыш мезгилинде Түркмөнстан (Өзбекстандын линиясы аркылуу) менен Орусиядан (Казакстан аркылуу) электр энергиясын импорттоо күтүлүп жатканын айткан.