Орусиянын президенти Владимир Путин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырованы 2- даражадагы "Мекенге кызмат өтөгөндүгү үчүн" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Кадырова жана дагы бир нече жарандар "улуттук маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү чыгармачылык ишмердиги үчүн" сыйланышкан.
Айшат Кадырова 2021-жылдын октябрынан бери Чеченстандын маданият министри кызматын аркалап келет. Ага чейин Чеченстандын Маданият министринин биринчи орун басары болуп бир жыл иштеген. Рамзан Кадыровдун кызы мамлекеттик кызматка келгенге чейин Firdaws ислам мода үйүн үч жыл башкарган. Бул аралыкта "Чеченстанга сиңирген эмгеги үчүн", "Адам укуктарын коргогондугу үчүн" медалдары, "Чеченстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы жана Кадыров ордени менен сыйланган.
Рамзан Кадыровдун жана анын үй-бүлөсүнө дайыма сыйлыктар берилип турат. Мисалы, 2023-жылдын июнь айында 20 жаштагы кызы Хутмат Кадырова республикадагы “медицинаны өнүктүрүүгө кошкон зор салымы” үчүн ордени менен сыйланган. Хутмат Кадырова сыйлыкка бир нече ай калганда Чеченстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы кураторлукка дайындалган.
Ал эми 2022-жылдын ноябрь айында республиканын жогорку ордени менен Чеченстандын башчысынын экинчи кызы, Грозный мэриясынын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хадижат Кадырова да сыйлык алган. Бул боюнча Чеченстандын Басма сөз министрлиги Хадижат Кадырова кыска убакыттын ичинде өзүн департаменттин ишин жаңы деңгээлге көтөргөн таланттуу жетекчи катары көрсөтө алганын белгилеген.
2022-жылдын декабрында Путин аймакты өнүктүрүүгө жана мамлекеттик милдеттерди натыйжалуу чечүүгө кошкон салымы үчүн Кадыровду "Александр Невский" ордени менен сыйлаган. Чеченстандын башчысы анын эмгегин жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.