Индиянын өкмөтү өлкөнүн англис тилиндеги атын Бхарат (Индиянын хиндиче аталышы) деп өзгөртүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Бул маселени парламенттин сентябрь айындагы кезексиз жыйынында кароо пландалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Индиядагы депутаттардын биринин айтымында, Бхарат өлкөнүн байыркы аталышы, ал эми Индия деген аталыш колониялык болгон жана кулчулуктун символу.
Индиянын улуттук конгрессинин башчысы Жайрам Рамеш G20 лидерлеринин кечки тамагына расмий чакыруулар Индиянын президенти эмес, Бхараттын президентинин атынан жөнөтүлгөнүн айтты.
Чоң жыйырмалыктын саммити 9-сентябрдан 11-сентябрга чейин Нью-Делиде өтөт. Форумга дүйнөнүн эң ири жыйырма өлкөсүнүн лидерлери жана дагы тогуз өлкөнүн башчылары катышат.