Өзбекстанда эки же андан көп аял менен жашоону пропагандалаган жана эркектер менен аялдар бирдей укуктарга ээ экенин ачык четке каккан адамдар административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары жактырган. Бул тууралуу өзбек парламентинин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам жарандардын улуттук, расалык, этникалык же диний таандыгы боюнча артыкчылыкты же кемчиликти үгүттөө үчүн жоопкерчиликти белгилейт.
Ошондой эле никесин мыйзамдык тартипте каттабаган жуптарга нике кыйгандарды жана коомдук жайларда инсанды таанууга тоскоолдук кылган кийимдерди кийгендерди да административдик жазага тартуу сунушу жазылган.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Өзбекстанда диний ырым-жырым менен нике кыйгандардын саны көбөйүп, анын кесепетинен көп аял алуу фактылары көп катталып жатканын белгилешкен.
Жыйында белгиленгендей, мыйзамдын кабыл алынышы улуттар аралык ынтымакты, диний сабырдуулукту, аялдардын жана балдардын укуктарын ишенимдүү коргоону чыңдоого, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча иш-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга кызмат кылат.
"Кызуу талкуудан жана узакка созулган талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоору депутаттар тарабынан кабыл алынды", - деп белгилейт парламенттин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы.
Төмөнкү палатанын депутаттары экинчи окууда кабыл алган мыйзам долбоору эми Сенат жактырып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.