Билим берүү министри Жогорку Кеңештин депутатын кабыл албай койду (видео)

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловду кабыл албай койду. Мындай тариздеги видеону эл өкүлү кечээ, 5-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Видеодо айтылгандай, Эрулан Кокулов билим жаатындагы бардык маселелер боюнча бирдиктүү ишеним телефон номерине бир нече жолу чалып, жазып жооп ала алган эмес. Буга байланыштуу Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабылдамасына барып, суроолоруна жооп алууну туура көргөн.

Бирок министр депутаттын чогулушка тоскоолдук кылып жатканын айтып, ал алдын ала жазылгандан кийин гана кабыл ала турганын айткан.

Ал эми Кокулов мыйзам боюнча министр депутатты тоскоолдуксуз кабыл алуусу керектигин билдирген. Иманалиев аны маданиятка чакырып, 5 мүнөттөн кийин кабыл аларын айткан соң депутат кабинеттен чыгып кеткен.

Натыйжада депутатты министрдин орун басары кабыл алган.

Билим берүү министри Жогорку Кеңештин депутатын кабыл албай койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан