Беларусь эми чет өлкөдөгү жарандарына жаңы паспорт берүүнү токтотот

Беларустар мындан ары чет өлкөдөн жаңы паспорт ала алышпайт. Бул тууралуу кечээ, 5-сентябрда Беларустун президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, Александр Лукашенко 4-сентябрда аталган жарлыкка кол койгон. Анда “административдик процедураларды ишке ашыруунун жол-жобосун мындан ары өркүндөтүү максатында” Беларустун чет өлкөлөрүндөгү консулдуктары мындан ары өлкөнүн сыртында жашаган жарандарына мөөнөтү бүткөн паспорттордун ордуна жаңы паспорт бербей турганы айтылат. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган беларустардын кыймылсыз мүлкү жана унаалары да катталбайт.

Жарлыкка ылайык, паспортту аталган өлкөнүн аймагында гана алууга болот. Беларустун чет өлкөдө жашаган тургуну унаасын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен сата алат. Бирок бул документ Беларусь өлкөсүндө гана түзүлүшү керек.

Азырынча бийлик бул чектөөлөр эмне үчүн зарыл экенин түшүндүрө элек.

Бул боюнча ББСнин орус кызматы мындай чектөө чет өлкөлөрүндө жашаган жүз миңдеген белорустарга таасирин тийгизерин жана алардын көбү саясий себептерден улам чыгып кеткенин жазды. Басылма Беларусь оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын кеңсеси бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп жатканын, оппозицияны Беларуска жаңы паспорт алуу үчүн барбоого үндөгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан