Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы менен сотторун кызматтан кетүүгө чакырды. Мындай билдирүүнү ал бүгүн, 6-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Бул чечим коомдо чоң резонанс жаратты. Бул кыргыз элине, улутуна чоң сокку болду. Мындай чечим биздин өлкөдө кабыл алынбаш керек эле. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык сот жана анын төрагасы кызматтан кетиши керек. Мен муну талап кылам! Уят! Мындай болбошу керек, айла жок чечимди оңдош үчүн ушундай маселелер күн тартибине кирип жатат ", - деди ал.
Эске салсак, 3-июлда Конституциялык сот 18 жашка толгон бала атасынын же апасынын атына катталууну өзү тандаса болот деген чечим чыгарган. Аталган чечим коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну улуттук баалуулуктарга каршы келет деп сындап чыгышкан.