Өлкөдө 16 жашка толгон өспүрүмдөргө, тагыраагы каалоочуларга эненин атын (матчество, матроним) фамилия катары колдонууга уруксат берилет. Мындай чечимди Конституциялык соттун Соттук коллегиясы чыгарганын жарандык активист Алтын Капалова 2-июлда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Ар бир эрезеге жеткен жаран энесинин фамилиясын ала алат. Мен Конституциялык сотуна ушундай чечим үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана жакында паспорт алууга барып, менин атымды фамилиясы катары ала турган 16 жаштагы менин балам, Капалов Данияр Алтыновичти куттуктагым келет. Өзгөчө Конституциялык Соттун “матчества/матроним институту” аныктамасы кубандырды", - деп жазды ал.
Ал ошондой эле Конституциялык соттун Соттук коллегиясы чыгарган чечимдин текстин жарыялаган. Анда төмөнкүдөй айтылат:
"Министрлер кабинети талаштуу нормаларды текшерүүнүн алкагында укуктук боштукту толтурууга багытталган укуктук жөнгө салууда, анын ичинен матроним/матчество институтунун жоктугу жана тең укуктуулук менен жынысы боюнча дискриминацияга тыюу салуу принциптерин бузууга шарт түзгөн "отчество" жана "матчество" арасында жөндөмдүү жарандын тандоо укугу боюнча ченемдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Чечим акыркы болуп саналат. Даттанууга болбойт. Жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш болгон бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана физикалык жактар үчүн милдеттүү, аталган чечимди мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык соттун сайтында жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун Бюллетенинде жарыялансын".
Бул билдирүү коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну кыргыз салтына каршы келген көрүнүш деп сынга алууда. Бирок Конституциялык сот чечимди расмий түрдө жарыялай элек.
Эске салсак, жарандык активист Алтын Капалова 2020-жылдын 30-декабрында үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Анда атасынын ысымы жазыла турган графага өзүнүн атын жазган. Ал муну балдарынан кабар албаган атасын көп жылдык соттук отурумдардан кийин аталык укуктан ажыратып, ушундай чечим кабыл алганын түшүндүргөн.
Ал эми мамлекеттик каттоо кызматы Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Документ берүү жол-жобосунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында сотко кайрылган.