Нуржигит Кадырбеков депуттардын мандатынан ажыратылышы боюнча пикирин билдирип, соттордун "сыйкырчыдай" көрүнүп калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Активисттерден башталып, эми депутаттарга жетти. Мага соттор сот эмес эле, сыйкырчы көрүнүп калды. Мыйзамды каалагандай калчап жатат. Бир депутат кетсе, анын ордуна эки жолу шайлоо жүргүздү, дагы башка депутат кетсе, анын ордуна жөн эле башканы алып келип койдуңар. Айтып койгулачы, эми кезек кимибизде?! Пешканы пешка экен дебегиле, ал дагы аягына чыкса ферз болот",- деди эл өкүлү.
Кадырбеков мектепте адеп сабагын киргизүүнү сунуштап, кезекке туруу адеби менен улууларды сыйлоону үйрөнүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле эл өкүлү сотторго кайрылып, адилеттүү болууга чакырды.
"Кимдин үстүнөн арыз болсо эле, эки айга камакка алып жатасыңар. Активисттер, журналисттер эми акындарга өттүнөр. Кичине адилеттүүлүк болсунчу, бизге инвесторлор да келбейт",- деп билдирди Кадырбеков.