Быйыл кышка чейин сасык тумоонун өлүмгө алып келген жаңы түрү пайда болот

Быйыл кыш айына чейин дүйнөдө сасык тумоонун өлүмгө алып келген төрт жаңы түрү пайда болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окумуштуулардын расмий маалыматтарына ылайык, оору COVID-19га караганда оор жана коркунучтуу болот.

Жаңы түрлөрдүн негизги коркунучу катары оорунун оор өтүшү жана узак убакыттан кийинки айыгуусу айтылат. Адистер оорунун негизги белгилеринин арасында жогорку температура, мурундун бүтүшү, ангина, летаргия, алсыздык жана жалпы интоксикация бар экенин белгилешет. Оору пневмония, гайморит, фронталдык гайморитке алып келиши мүмкүн.

Адистер мындай оорунун алдын алуу үчүн сезондук эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. Мындан тышкары, күн сайын турак-жайларды желдетип, колду жакшылап жууп, массалык иш-чараларга катышуудан баш тартуу, беткап кийүү, спорт менен машыгуу жана уйку менен тамактануунун сапатын көзөмөлдөө маанилүү экенин белгилешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан