Кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбековдун мурдагы командалашы, аргентиналык чабуулчу Мауро Икарди дүйнөдөгү эң кымбат болгон Rolls Royce Boat Tail унаасын сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, унаанын баасы 26 миллион еврону түзгөн. Икарды дүйнөдө бул унааны алган үчүнчү адам болду.
"Азыр Boat Tail дүйнөдөгү эң кымбат жаңы унаа болуп эсептелет. Бул модель үчүн 1813 тетик иштелип чыккан. Бул моделдердин бири бермет тармагында байыган бир өнөр жайчыга, экинчиси ырчы Бейонсеге жана үчүнчүсү Мауро Икардиге сатылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Мауро Икарды Кыргыз курамасынын оюнчусу Бекназ Алмазбековдун мурдагы командалашы. Эки футболчу Түркиянын "Галатасарай" клубунда чогуу ойношкон.