Ооганстан менен Пакистандын чек арасында атышуу башталды

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы "Торхам" өткөрмө бекетине жакын жерде атышуу болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учурда эки өлкөнүн аскер кызматкерлери атышууну улантып, абал курчуп бара жатат. Атышуудан бир офицер жаракат алып, аскердик госпиталга түштү.

Атышуу ооган аскерлеринин чек арага өткөрүү пунктун куруу чечиминен улам келип чыккан. Алгач пакистандык аскерлер оогандык кесиптештерине өткөрмө бекет курууга тыюу салынганын айтып, талаш-тартыш атышууга чейин жеткен.

Чек аранын эки тарабында тургундар кооптуу аймактан чыгып кетүүгө аракет кылып, үйлөрүн таштап кетишүүдө.

"Торхам" өткөрүү пункту өлкөлөр ортосундагы үч негизги соода жолунун бири болуп саналат. Пакистан тарап бул пункт аркылуу өз товарларын Борбор Азия мамлекеттерине жөнөтөт.

Учурда өткөрмө бекет жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-09-06 16:28:00
Ашынган динбаш талибтер коомдогу эч маселени чече алышкан жок. Билим денгеели да жетпейт. Шарият менен жыргайбыз деген жомокторго ишенбегиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан