Нурсултан Назарбаевдин карындашы Алматыдагы колледжинен ажырады

Коңшу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Анипа Назарбаевадан Алматы облусундагы колледж алынды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, май айынын аягында Шамалгандагы Үшкөңүр суу чарба колледжин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча соттук отурум болгон. 2022-жылдын сентябрында облустук каржы башкармалыгы өлкөнүн экс-президентинин эжеси Анипа Абишевна Назарбаевага таандык “Анипа” ИМге каршы доо арыз менен кайрылган. Колледж кийинки сатып алуу укугу менен Анипа Назарбаевага башкарууга өткөрүлүп берилген.

Сот ишенимдүү башкаруу келишимин кийинки сатып алуу укугун бузуу чечимин чыгарды. Кеп суу чарба колледжи жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле сот Анипа Назарбаевадан 3450 теңге өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан