Украинанын коргоо министринин сегиз орун басарынын үчөө ведомство башчысы Алексей Резников кеткенден кийин кызматтан кетишти. Бул тууралуу Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Алексей Гончаренко өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
“Коргоо министринин орун басарлары Гаврилов, Дейнега жана Шевченко кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышты", - деп жазды ал.
Украинанын коргоо министринин сегиз орун басары, анын ичинде мамлекеттик катчысы бар.
3-сентябрда Володимир Зеленський Резниковдун Украинанын коргоо министри кызматынан кеткенин жарыялаган. Резников бул кызматты 2021-жылдан бери аркалап келген.
Кечээ, 5-сентябрда Жогорку Рада анын кызматтан алынышын колдоду.