Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, тараптар Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алышты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы 2023-жылдын төртүнчү кварталында Минск шаарында өткөрүлүшү пландалган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлер Кеңеши жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде ТИМ министри ЖККУнун алкагындагы натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгына кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан