Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда ЖККУнун 2023-жылдын аягына чейин пландалган иш-чараларына, анын ичинде Кыргызстандын аймагында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен өтүүчү “Бузулбас боордоштук-2023” биргелешкен машыгуусуна даярдык маселелери талкууланды.
"Мындан тышкары регионалдык коопсуздуктун, орун алган жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруунун, Кыргыз Республикасынын ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Уюмдун Башкы катчысынын Кыргызстандын бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуулары өттү.