Кытайда аткаминерлерге жумуш убактысында iPhone колдонууга тыюу салынды

Кытай бийлиги өлкөдөгү аткаминерлерге iPhone жана башка чет элдик маркадагы уюлдук телефондорду жумуш үчүн колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Кытай жетекчилиги мындай аппараттарды колдонууга гана эмес, кеңсеге да алып келүүгө болбой турганын билдирген. Кытайда буга чейин да мамлекеттик кызматкерлерге ушундай эле тыюулар колдонулган, ал эми учурдагы чектөөлөр аткаминерлер менен ведомстволордун "кеңейтилген чөйрөсүн" камтыйт. Басылманын маалыматына караганда, Кытай көптөн бери чет элдик өндүрүүчүлөрдүн жабдыктарына санкция салып, компьютердик жабдууларды жана программалык камсыздоону жергиликтүү өнүмдөр менен алмаштырууну талап кылып келет.

Басылма белгилегендей, мындай кадам Кытай бийлигинин жашыруун маалыматтары чет өлкөгө чыгып кетишин чектөө, ошондой эле өлкөнүн чет элдик технологиядан көз карандылыгын азайтуу аракетинин бир бөлүгү болуп калды. Ошондой эле ушул сыяктуу чектөөлөр Apple компаниясынын кирешесине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби аталган компания Кытайдын жогорку класстагы смартфондор рыногунда үстөмдүк кылып, андан жалпы кирешенин 19 пайызын алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан