Италияда футбол күйөрмандары командасы жеңилип калгандыктан стадионду өрттөп салышты (видео)

Италияда футбол күйөрмандары сүйүктүү футбол командасынын жеңилип калганына нааразы болуп, беттеш өткөн стадионду өрттөп салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Италия чемпионатынын В Сериясындагы "Фоджа" клубу менен "Таранто" клубу беттешкен. Беттеште 2:0 эсеби менен "Таранто" клубу жеңишке жеткен. Буга нааразы болгон "Фоджанын" күйөрмандары оюн талаасына пиротехникалык каражаттарды ыргытышкан. Натыйжада өрт чыгып, 27 миң адамга ылайыкталган "Тарантонун" стадиону толугу менен күйүп кеткен.

"Фоджанын" күйөрмандары муну менен токтоп калган эмес. Алар өрттү өчүрүүгө келгендерге таш ыргытып, тилсиз жоонун алдын алуусуна тоскоол болушкан.

Учурда аталган стадион жараксыз абалда экени, ал эми окуяга байланыштуу тергөө иштери башталганы айтылды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан