Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев парламенттин дарегине айтылып жаткан сындарга жооп берди.
Анын айтымында, акыркы аптада парламентке карата коомчулукта орундуу да, орунсуз да сын-пикирлер айтылууда. Ал өз сөзүндө төрага катары Жогорку Кеңештин аброюн коргоого милдеттүү экенин белгиледи.
"Сын айтып жаткан айрым жарандарга жооп берип коёюн. Биз өз милдетибизди так жана даана аткарып жатабыз. "Бардыгы көз каранды, сырттан башкарылат, депутаттар сын-пикир айта албайт" дегендин бардыгын четке кагам. Анткени борбордук трибунада дагы, процедуралык микрофондордо дагы депутаттар каалаган учурда, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кимге тыюу жок", - деди төрага.
Ошондой эле ал президентке, Министрлер кабинетине өзү баш болуп сын-пикирлерди айтып турушарын кошумчалады.
"Бул жерде эл көрсүн деп пиар кылбай эле жолугуп, кеңешип, сын-пикирлерибизди айтып жүрөбүз. Андай депутаттар толтура. Кат түрүндө да жиберип жүрөбүз", - деди Шакиев.