Өзбекстандын Фергана облусунда жети адам жасалма спирт ичимдигине ууланып, алардын бирөөсү каза тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 5-сентябрда ден соолугу начарлап, башы ооруган жети адам жергиликтүү ооруканаларга кайрылышкан. Дарыгерлер алар белгисиз зат менен ууланганын аныкташкан. Маалым болгондой, жабырлануучулардын баары үйлөнүү тоюна барышып, спирт ичимдигин ичишкен.
Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда уулангандар жергиликтүү цехте жасалган жасалма спирт ичимдиктерин колдонушканы белгилүү болгон. Тактап айтканда, бир нече жергиликтүү тургундар келишим түзүп, казакстандык бренддеринин этикеткасын колдонуп жасалма арак чыгарышкан. Товарлардын бардык партиясы коомдук тамактануу пункттарынын бирине жана башка ишканаларга сатылган.
Учурда кылмышка шектүү кармалган. Ага карата "коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатуу же сатуу максатында өндүрүү" жана "Этил спиртин, алкоголдук жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз өндүрүү же жүгүртүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.