Бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө жаштардын электрондук чылымдарды колдонуусуна чаралар көрүлүшү керек экенин айтты.
Эл өкүлү электрондук чылымдар, вейптер боюнча өтө көп арыздар түшүп жатканын белгиледи.
"Бул нерсеге азыр кенебей турган болсок, эртеңки күнү биз улуттун тагдырына өтө чоң балта чаап алган болобуз. Бул коомдун оорусуна айланып баратат, айрыкча жаштарды ооруга чалдыктыра турган нерсе. Дарыгерлердин айтымында, электрондук чылымдар, вейптердин кесепети 10-15 жылдан кийин билинет. Улутту жоготуп коюшубуз мүмкүн", - деди ал.
Мажитова бул маселеге карата олуттуу чаралар көрүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилиш керек экенин айтты.