Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Усеков билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин аталган министрдин милдеттерин убактылуу аткарат. Ал буга чейин билим берүү министринин биринчи орун басарынын милдетин аткарган.
Эске салсак, бүгүн Каныбек Иманалиев аталган кызматтан бошотулган.