Каныбек Иманалиев Билим берүү министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 7-сентябрда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Иманалиев аталган кызматка быйыл 6-мартта дайындалган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан