Бүгүн, 7-сентябрда Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Темиралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Азырынча анын кайсы кызматка дайындалганы айтыла элек.
Эске салсак, Темиралиев аталган кызматка былтыр сентябрь айында дайындалган болчу.