Садыр Жапаров дагы бир министрди кызматтан алды 

Кудайберген Базарбаев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Анын милдетин убактылуу Гүлнара Баатырова аткармай болду. Ал буга чейин саламаттыкты сактоо министри болчу.

Кудайберген Базарбаев 2021-жылдын октябрынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан