Бүгүн, 7-сентябрда мурдагы депутат Гүлшат Асылбаева Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына төрайым болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгон.
Эске салсак, кечээ, 6-сентябрда аталган кызматка Айбек Мамыралиев дайындалган болчу.