Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Нурия Кутнаева дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Белгиленгендей, анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Нурия Кутнаева буга чейин "Түндүк" мамлекеттик ишканасын жетектеген.
Буга чейин бул кызматты Талантбек Иманов жетектеп турган. Ал Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.