Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк эмгек акысын Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда катталган сел кырсыгынан жабыркаган тургундарга жардам катары которот.
Парламенттин басма сөз кызматы бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынганын билдирди.
Белгилей кетсек, август айында Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында сел жүргөн.