Азербайжандын президенти Илхам Алиев бүгүн, 7-сентябрда Бакудагы иш-чарага катышып жаткан түрк мамлекеттеринин министрлерин кабыл алды.
Алиев менен жолугушууга Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын ички иштер министри Али Йерликай, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри Абдулла Кулдашев жана Түндүк Кипрдин ички иштер министри Дурсун Огуз катышты.
Белгилей кетсек, министрлер "Баку-2023" эл аралык тренингине катышып жатышкан.