Улуу Британиянын ири шаарларынын бири каржылык көйгөй жаралып жатканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Бирмингем шаарынын бюджетинин тартыштыгы 87 миллион фунт стерлингге бааланган. Бул жагдай компенсация төлөөдөн, ошондой эле маалыматтык технологияларга байланышкан көйгөйлөрдү жоюуга кеткен чыгымдардан улам келип чыккан.
Шаар мэри жарандардын социалдык камсыздоо чараларынан башка бардык чыгымдарды токтотту.
Шаардык кеңештин расмий өкүлдөрү, анын ичинде мэр Жон Коттон жана анын орун басары Шарон Томсон Бирмингем туш болгон каржылык кыйынчылыктарды болуп көрбөгөндөй деп атады.
Бирмингем шаары Улуу Британияда Лондондон кийинки эле калкы эң көп шаар.