Казакстанда 5 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн жаран химиялык жол менен бычылат

Казакстанда 5 жашар кызды зордуктап, өлтүргөн жаран химиялык жол менен бычылат. Мындан сырткары, өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүм кечээ, 7-сентбярда сот тарабынан чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, сот каза болгон наристе Еркежан Нурмахаттын ата-энесине 100 миллион тенге өлчөмүндөгү моралдык чыгым төлөп берүүгө да милдеттендирилди.

Эске салсак, ушул жылдын 13-июлунда Туркестанда 5 жаштагы Еркежан Нурмахан дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерине айылдын бардык жашоочулары катышкан. Жашоочулар көзөмөл камераларынан наристе үйдөн алыс кетпегенин көрүшкөн. 48 жаштагы жарандын үйү эки жолу тинтилип, үчүнчүсүндө гана наристенин жансыз денеси сарайдан табылган.

Кылмышкер Сайдолим Гайыбназаров буга чейин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталып, 10 жыл түрмөдө отуруп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2023-09-08 14:41:00
Справедливость торжествует!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан