Перулук археологдор Лиманын түштүгүндөгү байлар жашаган Мирафлорес конушунан миң жылдык алп адамдын мумиясын табышты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.
"Бул мумия бүгүлгөн буттары менен отурган абалдагы чоң киши. Мумиянын чачы узун, жаагы дээрлик толугу менен сакталып калган", - деп билдирген археологдор тобунун жетекчиси Мирелла Ганоза.
Маалым болгондой, мумиянын жанынан археологдор керамикалык идиштерди, кездемелерди жана башка буюмдарды табышкан.
Ганозанын айтымында, мумияга айланган адам болжол менен миң жыл мурун азыркы Перунун борбордук жээгинде Ичсма маданияты гүлдөп турган мезгилинде жашаган.
Ичсма Лиманын түштүгүндөгү Лурин өрөөнүндө пайда болгон Түштүк Американын түпкү маданияты жана өлкөсү болуп саналат. Ал болжол менен 1100-жылдары пайда болгон.