Умбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору болду

Бүгүн, 8-сентябрда Умбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал буга чейин Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматын аркалап келген. Кечээ, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров аны бул кызматтан бошоткон.

Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп былтыркы жылдын сентябрь айынан бери иштеген.

Ал эми анын ордуна Талантбек Иманов келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан