Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кошулат, ал учурда байкоочу катары иш алып барат. Мындай маалымат Астанадагы Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 40-отурумунун ачылышында белгилүү болду.
Жыйын Казакстандын төрагалыгынын алкагында өтүүдө.
Бүгүнкү жыйында ШКУнун толук кандуу мүчөсү катары уюмга жакында эле кирген Ирандын өкүлү биринчи жолу жыйынга катышууда.
Эске сала кетсек, ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.
Байкоочу өлкөлөр: Ооганстан, Беларусь жана Монголия.