Казакстанда 5 жашар кызды зордуктап өлтүргөн жаран бычылмай болду

Коңшу Казакстандын Түркстан облусунда 5 жашар кызды зордуктап андан кийин өлтүрүп салган жаранга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Казакстандын жжергиликтүү басылмалары жазышты.

Сот аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Соттолгон адам химиялык кастрация процедурасынан өтүшү керек. Ал жазасын күчөтулгөн тартиптеги абакта өтөйт.

Эскерте кетсек, кырсык үстүбүздөгү жылдын июль айында Сарыагаш районунун Жибек-Жолу айылында болгон. Анда 5 жашар кызды ата-энеси таппай калып, полицияга кайрылган.

Кызды издөө-иштерине шектүү дагы катышкан.

5 жашар кызды өлтүргөн жаран 2006-жылы дагы адам өлтүргөн деп соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын май айында ал спирт ичимдигин ичип алып, айылдашын балта менен чаап жибергени үчүн соттолгон. Шектүү жабырлануучу менен жарашып, мурда соттолгондугу жоюлгандыгын эске алып, сот пробациялык көзөмөл орнотуу менен үч жылга эркиндигинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан