Америкалык актриса жана ишкер айым Ким Кардашьян АКШ президенти Жо Байденден Арменияны Азербайжандан коргоону суранды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Менин Жо Байденге өтүнүчүм бар, бул - жаңы армян геноцидин токтотуу. Америкага жана дүйнөгө армяндарды Азербайжандан коргоо үчүн чара көрүүгө убакыт келди”, - деп жазды Кардашян социалдык тармактагы баракчасына.
Армения менен Азербайжандын чек арасында маал-маалы менен атышуулар болуп турат. Кечээ, 8-сентябрда Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн топтолушуна байланыштуу Азербайжан менен чек арада чыңалган кырдаалды жарыялады.