Баткен облустук соту Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктап андан кийин өлтүргөн деп кармалгандардын биринин абак жазасын күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, облустук сот 8-сентябрда Кадамжай райондук сотунун 7-февралдагы өкүмүн өзгөрттү.
"Баткен облустук сотунун өкүмү менен Кадамжай райондук сотунун 2023-жылдын 7-февралындагы өкүмү өзгөртүлдү. Э уулу Бнын өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки камакта кармоонун бир күнү эркиндиктен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинип, өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды", - деп билдиришти облустук соттон.
Эске салсак, 2022-жылдын 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары жалпысынан 4 жаран кармалган.
3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы СИЗОдо ушул кылмышка шектүүлөрдүн экөө асынып алган.
Февраль айында Кадамжай райондук соту Э уулу Бны 10 жылга эркинен ажыратса, дагы бир шектүү Г.Д.И. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган.