Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
“Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Белгилей кетсек, 8-сентябрь күнү кечинде Мароккодо катуу жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөдөн 1300дөй адам каза болду. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды.