АКШнын президенти Жо Байден Индияда өтүп жаткан G20 саммитинде кайрадан талкууга калды.
Нью-Делиде өтүп жаткан Чоң жыйырмалыктын саммитинде Ак үйдүн башчысы Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салман аль-Сауддун атын туура айта алган жок. Мындай видео GOP War Room YouTube каналында жарыяланды.
"Мен өзгөчө премьер-министр Модиге жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухам бен Саламга ыраазычылык билдиргим келет", - деди Байден.
Жо Байден дароо катасын оңдоого аракет кылып, бирок экинчи жолу дагы Сауд Арабиянын ханзаадасынын атын туура айта алган жок.
"Мен кечирим сурайм, Мухаммед Салама", - деп оңдогонго аракет кылды Байден.
Видеодо көрүнгөндөй, Байден катасын оңдогонго аракет кылып жатканда Сауд Арабиянын ханзаадасы стакандагы сууну алып ичкен.
Белгилей кетсек, АКШнын Сауд Арабиясы менен мамилеси Байден бийликке келгенден кийин Йемендеги адам укуктарынын абалы жана аскерий өнөктүккө нааразычылыктар астында татаалдашып кеткен.