Мароккодо элдер жер титирөөдөн кийин көчөгө түнөштү

Марокконун Марракеш шаарында адамдар түндү көчөлөрдө, сейил бактарда өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар жер титирөө кайрадан кайталанат деп кооптонуп, көчөлөргө жатышкан.

Белгилей кетсек, 8-сентябрь күнү кечинде Мароккодо катуу жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөдөн 2000дей адам каза болду. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан