Роналдунун мейманканасы Мароккодогу жер титирөөдөн жабыркагандарды бекер кабыл алды

Мароккодо жайгашкан Португалия курамасынын жана "Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналдунун мейманканасы өлкөдө болгон жер титирөөдөн жабыркагандарды бекер кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Роналдунун "Pestana CR7 Marrakech" мейманканасы Марракеш шаарында жайгашкан жана төрт жылдыздуу. Анда фитнес борбору, ресторан жана ачык бассейн бар.

Ал арада футболчу өзү Instagram баракчасында Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

"Жер титирөөдө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мен бардык тургундарга сүйүү жана жакшы тилектерди жолдойм", - деп жазды Роналду.

Мароккодо 9-сентябрга караган түнү күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул акыркы 120 жылдагы өлкөдөгү эң кыйратуучу жер титирөө болуп калды. Табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча эки миңден ашты, дагы эки миңден ашуун адам жаракат алды. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан