Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

Бүгүн, 11-сентябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Ага ылайык, Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында "С5+1" форматында пландаштырылган эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан