Италиялык "Ювентус" футболдук клубу сатыкка коюлду. Бул тууралуу il Giornale гезити жазып чыкты.
Маалым болгондой, клубдун ээси катары белгилүү болгон Аньелли үй-бүлөсү "Ювентусту" сатыкка чыгарган.
"Бүгүн "Ювентус" кризисте турат, соттук териштирүүнүн борборунда. Мурдагы президент Андреа Аньелли Нидерландыга көчүп кетти жана клуб кыйроо алдында", - деп билдирген гезит.
Басылманын маалыматы боюнча, клубдун рыноктук баасы 800 миллион евро, жаңы кожоюндарына 1,5 миллиард еврого сатылышы мүмкүн.
"Ювентус" клубу Италиянын эң беделдүү жана эң көп титулга ээ болгон клубу болуп саналат. Ал 1897-жылы түзүлүп, 1920-жылдан бери Аньелли үй-бүлөсү тарабынан башкарылып келет. Бул клубда Мишель Платини, Зинедин Зидан жана Криштиану Роналду сыяктуу белгилүү футболчулар ойногон.