НАТО Кансыз согуштан берки эң ири аскердик машыгууларын өткөрүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.
"Туруктуу коргоочу" деп аталган бул машыгууга 41 миң аскер жана 50дөн ашуун кеме тартылат. Ошондой эле машыгуу учурунда 500дөн 700гө чейинки учактар колдонулат.
Басылманын маалыматына караганда, машыгуулар Германия, Польша жана Балтика өлкөлөрүндө 2024-жылдын февраль жана март айларында өтөт. Бул иш-чарага НАТОго мүчө 31 өлкөдөн тышкары Швеция да катышат.
Буга чейин 12-июнда Германияда НАТОго кирген өлкөлөрдүн аскер-аба күчтөрү катышкан кеңири масштабдагы абадан коргонуу машыгуулары башталган. Иш-чарага 25 өлкөдөн 250 учак жана 10 миң аскер кызматкери катышкан.
Ошондой эле 9-сентябрда Балтика деңизинде НАТОго мүчө өлкөлөрдөн 30га жакын кеме жана 3 миңден ашык аскер кызматкерлеринин катышуусунда Түндүк Жээктин эки жумалык деңиз машыгуусу башталганы тууралуу маалымат пайда болгон. Анын жүрүшүндө кемелер Эстония жана Латвиянын жээктеринде аскердик машыгууларды өткөрө турганы айтылууда.