Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Орусияда Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу орус басылмалары Кремлге шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Түштүк Кореянын маалымат каражаттары Ким Чен Ындын брондолгон поезди Орусиянын Приморье аймагына жөнөп кеткенин жазышууда. КЭДР лидери менен орус президентинин жолугушуусу 12 же 13-сентябрда Владивостокто болору күтүлүүдө.
Жолугушуу шейшемби күнү, 12-сентябрда болушу мүмкүн экенин Түштүк Кореянын YTN телеканалы жазып чыкса, орус басылмалары 13-сентябрь деп болжолдошууда.
Талдоочулардын айтымында, Ким Чен Ын менен Путин Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды жеткирүү маселесин талкуулашат. Москва Пхеньянга дан, мунай, аскердик технология жана чет элдик валютаны сунуштоо менен жооп бериши мүмкүн. Ал эми АКШнын басылмалары бул сүйлөшүүлөр Украинадагы согуш үчүн курал-жарак жеткирүүгө тиешелүү болорун жазып чыгышты.