Казакстанда 17 жылдан бери кулчулукта жүргөн эже-сиңдилер аныкталды. Окуянын чоо-жайы

Казакстанда 17 жыл бою агасы тарабынан кулчулукка кабылган эже-сиңдинин окуясы жергиликтүү телеканалдардын биринде көрсөтүлдү.

Андагы маалыматка караганда, Назгүл менен Кундуз Казакстандын Түркстан облусунун Эски Шилик айылында 17 жыл бою эмгек кулчулугунда жашашкан. Мындай абалды эже-сиңдилердин классташтары билип, алардын абалына көңүл буруу өтүнүчү менен коомчулуктан жардам сурашкан.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, 27 жана 32 жаштагы кыздар ачка жана кийим-кечесиз жашап келишкен. Аларга мамлекет майыптыгы үчүн жөлөк пул төлөгөнү менен кыздардын агасы акчаны өзүнө ыйгарып, аларды мал кайтарууга, оор шартта жашоого мажбур кылган.

"Мен классташтарымды тааныбай калдым. Кыздар абдан арыктап, денелерин тырык басып, чачтары кыскарып кеткен. Алар мектепте окуган кезде жакшынакай кыздар болчу. Алар жетим болгондуктан мамлекеттен жардам алышкан, бирок акчанын баарын тууганы алып, жайлоого иштетип, оор шартта жашоого мажбурлаган", - дейт кыздардын классташы Гүлсимжан Адилжан.

Кыздардын дагы бир классташы Айша Мустафинанын айтымында, алар мектепте окуп жүргөндө апасы ооруп, атасы каза болуп калган. Апасы тирүү кезинде кыздар тыкан, таза жүрүшчү. Кыздар 9-10-класста окуп жүргөндө апасы каза болуп, агасынын үйүндө жашап, андан кийин абалы кескин начарлап кеткен.

"Алар мал сарайда жашашат. Эртеден кечке чейин мал багышат. "Айлыгыбызды начальник берет, аны агабыз алат" дешет. Кыздар эч качан дүкөнгө барчу эмес. Кундуздун бети чийилген. Кийиминин астында ич кийимдери да жок. Ишенбей, кыздардын өздөрүнөн сурап, оң жооп алдык", - деп билдирген окуянын күбөсү.

Алгач кыздарды аталаш агасы Канат Абилдаев камкордугуна алган. Аларга мамлекеттен турак-жай да берилген. Бирок Канат Абилдаев турак жайдан баш тарткан.

"Алар анда мектеп окуучулары болчу. Алардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр болгон. Эч ким менен сүйлөшпөй, жабылып калышты. Интеллектуалдык жактан өнүккөн эмес. Кыздардын акыл-эси артта, эс тутуму начар, тез унутушат деп дарыгерлер диагноз коюшкан. Мектепти бүткөндөн кийин биз менен жашашкан. Дарыларын ичишчү. Бирок 2016-жылдан бери көрө элекмин", - деди ал.

Кийин кыздарды бир тууган агасы Саулебек Абилдаев алып кеткен.

"Бул кыздар мени менен жашаганына 7 жылдай болуп калды. Алар оорулуу. Мен аларды дайыма жанымда кармайм, анткени мен алар үчүн жооптуумун. Бирөөнө 89 миң теңге, экинчисине 71 миң теңге мамлекеттен жөлөк пул алабыз. Алар ооруканада тынымсыз текшерилип турушат. Кичүүсү кургак учук менен ооруп калгандан кийин, башка балдар ооруп калбасын деп аялым аларды алыска которгон", - деп билдирген Саулебек Абилдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан