Орусиянын Сочи шаарынан Омскка учуп бара жаткан жүргүнчү ташуучу учак белги берип, андан кийин дайынсыз жоголду. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Flightradar кызматынын маалыматы боюнча, Сочиден Омскка учуп бараткан жүргүнчү учагы көздөгөн аэропортуна конбой, сигнализацияны иштеткен. Flightradar билдиргендей, учак багытын өзгөртүп, бийиктикти жогорулатып, Новосибирскти көздөй багыт алган. Андан кийин радарга илинген эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча учак Новосибирсктеги айылдардын биринин жанына конушу мүмкүн. Учакта 170 жүргүнчү, анын ичинде 23 бала бар.
Учурда маалымат такталып жатат. Ошондой эле жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.